У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өлөт турбаймынбы дегем...Коронавирустан айыккан окурмандын каты

Редакциябызга келген анонимдүү каттардын бирин жарыялоону туура көрдүк. Окурманыбыздын каты азыркы учурда аба менен суудай керек болуп турган убагы. 

Коронавирус деген атты уккандан коркуп, карантинде эч жакка чыкпай, чыксам да оронуп-чулганып жакшы эле сактангам. Базарда соода кылам. Ишимди толугу менен токтотуп, мурда анча-мынча чогулткан тыйын менен күн көрүп жатканбыз. Жубайым кичинекей кызым менен үйдө. Ортодо карантинди жеңилдеткен учурда бир аз соода кылалы деп ишти жандандыргам. Бир айга жетип-жетпей тамагым ооруп, дене табым көтөрүлүп ооруп калдым.

Өзүмдөн өзүм алып учуп, коркконумдан денем титиреп, коронавирус жуктуруп алган окшойм, өлүп калат окшойм деп абдан санааркадым. Дароо эле анализ тапшырып, обсервацияга жаттым. Анализим чыкканча жанымды коёрго жер таппай абдан бушайман болдум. Демим кысылып, аба жетпей жаткандай кыйналдым. Анализимден коронавирус табылды дегенде ого бетер сулк жыгылып калдым.

Мени мындай абалдан дарыгер алып чыкты. Ал дене табым анча деле көтөрүлбөй, абалым туруктуу экенин улам-улам эскертип, биринчиден ойду тазалап, жакшы болуп кетем деген ниет кой деп айтып жатты. Ал жакшы музыка ук, жакшы кино көр, жакшы күндөрдү эсте, кызыңдын келечеги тууралуу кыялдан деп көп айтты. Бара-бара мен да ооруну ойлой бербей акырындан өзүмө келе баштадым.

Көрсө оорунун баары психологияга байланыштуу болот тура. Коронавирус жуктургандардын баары эле өлүп калчудай ата-энем, жубайым, кызым менен коштошуп, өзүмчө эле өлүп калганымды элестетип, түнү менен уктай албай чабалактап кыйналып жаткам. Чын-чынына келгенде меники жеңил эле формада өтүптүр. Кадимки сасык тумоону деле ушундай эле ооруп жүргөнүмдү элестеттим.  Эмнегедир ушул вирустун атын укканда эле айыкпас дартка кабылгандай оор кабыл алыптырмын.

Дарыгерлер жакшы карашты, 3 жума дегенде айыгып чыктым. Мен ушул катты эмнеге жазып, сиздерге кайрылдым? Азыр элдин санаасынын баары эле ушул оору болуп калды. Өлүп калат окшойм деген тааныштарымы көп уктум. Биринчи эле өлүмдү ойлобой жакшылыкты ойлоп, акыл ойду тазалап, жакшы кино көрүп, жакшы күндөрдү эстеп алыксыңыздар дегим келди. Көп адам вирус жукту десе эле коркуп жатып жүрөгү кармап калып жатат дешти дарыгерлер. Коркконго кош көрүнөт деген чын экен. Коронавирус бул өлүм эмес, жөн гана сасык тумоонун оор түрү деп кабыл алалы, оорубаңыздар. Биз бул сыноону жеңебиз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter