У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чыныбай Турсунбековдун кызы COVID-19га даярдык көрүүгө жооптуу аткаминерлерди сотко берет


Пандемия учурунда жакындарын жоготкон Кыргыз жарандарынын коомдук бирикмеси COVID-19га даярдык көрүүгө жооптуу аткаминерлерди жазалоону талап кылышат. Бул тууралуу маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун кызы Айсулуу Турсунбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында учурда прокуратурага арыз жазышууда.
"Биз дарыгерлерге каршы эмеспиз, алар түзүлгөн ыңгай-шартта колунан келгендин баарын жасашты. Биз пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон чиновниктер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз. Өз убагында дары-дармектер, медициналык жабдуулар, коргонуу каражаттары менен камсыз кылышкан эмес.
Биз эмдигиче ковидге каршы күрөшүүгө бөлүнгөн финансылык каражаттар кайда кеткени, гуманитардык жардамдар кандай бөлүнгөнү боюнча отчёт ала элекпиз. Ошондой эле эмне үчүн дарылардын баасына көзөмөл болбогону суроо жаратат", - деп жазган Чыныбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter