У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт


Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирүү жасады.

"Урматтуу кесиптештер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымы, дене табы, сатурациясы - баары жакшы. Үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп жатат. Доктурлардын айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана туруктуу. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЦР-тести таза чыккан. Баарыңыздарга чың ден соолук тилейбиз!", - деп айтылат билдирүүдө.
 
Эскерте кетели, буга чейин депутаттын абалы оор экенин айрым маалымат булактары жазып чыгышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter