У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айдай Турсунбекова: "Ата-энем силер бизден да акылдуу, бизден да ийгиликтүү болосуңар" дешчү.

Жогорку Кеңештин мурдагы Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова атасын, бала чагын эскерди. Ал ишке эрте аралашканын, ата-энесинин насаатын айтып, көпчүлүктү жашытты. Текстти өзгөртүүсүз беребиз. 

"Сиңдим экөөбүз кичине кезибизден баштап иштедик, мен 7-классты, сиңдим 5-классты бүтүргөндөн кийин. Ысык-Көлдө пансионатыбыз бар. Ата-энебиз аны 1999-жылы тендерге катышып, 4,5 млн сомго сатууга чыгарылган пансионатты 10 млн сомго сатып алышкан. Жайкы каникул башталар менен биз пансионатка кетчүбүз. Алгач пляжда зонтик, лежак арендага берип иштедик. Хоздвордо общежитияда жашадык. Эсимде биринчи айлыгыбызды алган күнүбүз. Биз апамдан айлык кандай эсептелерин сурап алдык эле. Бирок колубузга тийген акча биз күткөндөн аз болуп чыкты. Апама барып айлык аз чыкканын айтып арыздандык. Апам болсо, аны мага эмнеге айтып жатасыңар, барып башкы бухгалтер менен эсептешип алгыла деди. Ошентип биз турмушубуздагы биринчи сабагыбызды алдык. Кандай проблема болсо да ата-энебизден жардам сураардан мурун өзүбүз чечкенге аракет кылышыбыз керек экендигин. Жыл сайын пансионатта ар кайсы бөлүмдөрүндө иштеп тажрыйба алдык. Мен 21 жашымда пансионаттын директору болдум, кийин менин ордума сиңдим иштеди. Ата-энебиз бизге айтып калышчу : «Силер бизден да акылдуу, бизден да ийгиликтүү болосуңар. Анткени силердин жашыңарда бизде силердикиндей билим, тажрыйба болгон эмес» деп.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter