Дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди
- 01.12.2020, 10:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президенттик шайлоо башталгыча эле чама-чаркын билгендер талапкерлигин алып отуруп, шайлоого аз эле адам бара турган болуп калды көрүнөт. Буга ачык мисал катары кечээ, 30-ноябрда талапкерлигин алып салган Садыр Шер-Ниязды мисал кылсак болот.
Анын артынан улай дагы бир президенттикке талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,
Сазыкбай Турдумалиев БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз берген.
БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 10-январга белгилеген.