У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садык Шер-Нияз иниси Баткен Шерниязов менен бет карашпай калабы?


Садык Шер-Нияз президенттикке  баруудан баш тартып, талапкерлигин Садыр Жапаровдун кызыкчылыгы үчүн чакыртып ала турган болду. Мындай чечимге Садыр Жапаров менен жолугушуп сүйлөшкөн соң келген. 

Көрсө, Садык Шер-Нияз соодалашуу үчүн курулай күпүлдөгөн кургур тура. Алы ушул болгон соң, кайсы арына асманды айтып бакылдайт дейсиң. 

Эми иниси Баткен Шерниязов экөө бет карашпай калышабы? Дегенибиз, Садык Шер-Нияз президенттикке койгондо иниси Баткен мырза шайлоого аягына чейин барасызбы деп сураганда айткан жообун фейсбукка жазган эле. 

Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
- Бүгүн агам Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого аттана турганын айтты. Мен агама жолугуп Саке аягына чейин барасызбы деп үч жолу суроо узаттым. 
Жообу: Баткен эгер аягына чейин барбай турган болсом, өмүр бою мени менен учурашпай өт – деп жооп берди…

Мына эми инисине «ит болдум» дейби? Өзүнө ишенбеген соң шайлоого аттанып, ооз көптүрүп асманды сүйлөп эмне зарыл? Анын үстүнө Садык мырза сөздүн күчүн, кунун жакшы билген маданият ишмери. Минтип Садык мырза сүйлөп койсо боло берет деп жаткан соң, калганын эмне кылабыз?

Кызыгы,  буга дейре Садыр Жапаровдун ар бир сүйлөгөн сөзүн талдап акылдуу болуп жатты эле. Мындайды сынчынын сыңар өтүгү майрык дейт. Тилинен башка берекеси жок, кургур дейт. 

Анан «парламентаризм боюнча позициямда турам» десе күйөсүң. Садыр Жапаров президенттик башкарууга өткөрүп жатса, талапкерлигин алып таштап, «парламентаризм боюнча позициямда турам» дегени кайсы акылга сыят? Көрдүк, позицияңызда тура алаарыңызды.

Мына Де-Факто гезитине Садык Шер минтип жооп берди эле кысталак: 
-Кээ бир талапкерлер соодалашуу менен шайлоонун аягына жетпей чыга качат. Сиз президенттик мɵрɵй талашта андай кадамга барбайсызбы, ортодон ойт бербейсизби? --Соодалашуу кызмат үчүн болот да. Мен бардык кызматты көргөн кишимин. Андан жогору чыгармачылык деген бар, чыгармачылыкта бир топ зор эмгектерди жасаган кишимин. Андан жогору элге кылган коомдук кызмат бар, анда дагы элге чоң, эларалык долбоорлорду түзгөн кишимин. Мени кайсы кызмат менен алдайт деп ойлойсуз? Мен кызмат үчүн эмес, идея үчүн баратам. Парламентаризм идеясы - бул биздин ата-бабадан калган, нечендеген кылымдар бою бүлөнүп, кайралып, тазаланган система. Ошол ата-бабанын баскан жолун сактаганы баратабыз. Эгерде ушул идеяларды сактайбыз деп айтса, мен ким болбосун кошулууга даярмын. Эртең талапкерликтен баш тартууга даярмын. Менин тегерегимде да кызмат деп чогулгандар жок. Шайырбек Абдрахман, Ибрагим Нуракун уулу деген жигиттер өздөрү келип, идеяга бирикти. Актаңдай акындар жакында пикирин айтат. Ушулар кызмат сураган кишилерби? Биз идея үчүн күрөшкөн кишилер арабызда бар экенин көрсөтүшүбүз керек. Кызмат үчүн гана эмес, идея үчүн да күрөшсө болорун келечек муунга үлгү кылып көрсөтүшүбүз зарыл.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter