У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алты жаштагы өгөй баласын сабаган адам камакка алынган жок


Кечээ, 25-ноябрда Сокулук райондук соту алты жаштагы баласын токмоктоого шектелип жаткан адамдын баш коргоо чарасын карап, камакка алган жок. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 
 
Мекеменин билдиргенине караганда, сот шектүүдөн башка жакка кетпөө жөнүндө тилкат жаздырып алган. 
Ошондой эле басма сөз кызматы баланын апасы милицияга тосмо арыз жазбаганын билдирди.
 
Белгилей кетсек, 17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter