Баласын сабаган өгөй ата колго түштү
- 23.11.2020, 14:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уулун сабаган өгөй атаны кармашты. Маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Эске салсак, 18-ноябрда борбордун Октябрь районунун ОВДсына Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 25 жаштагы А.Э. 2020-жылы 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү саат 24:00 чамасында, үйүндө жатканда эч кандай себепсиз А.Р.нын жашы жете элек уулуна денесине залал келтирген күйөөсү 33 жаштагы А.Бга карата чара көрүүнү суранган. Сабалган бала 2014-жылы туулган.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн балага экспертиза дайындалды.