У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Колу-буту байланып, оозу скотчтолуп бакта асылып турган абалда табылган маркум үйдүн улуу баласы болгон...


Жүрөктүн үшүн алган өлүм "Тёплые ключи" санаториясында катталган. 21-ноябрда болжол менен саат 13:13тө Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тёплые ключи" санаториясында жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барып, колу-буту байланып, оозу скотчтолгон абалда бакта асылып турган жаранды аныкташкан.

Маркумдун өздүгү такталып, Кочкор районуна караштуу айылдардын биринин тургуну, үйдүн улуу баласы экени аныкталды. Ата-энеси 6-ноябрдан бери аны издеп жатышкан. Бирок милицияга кабар берген эмес.

"9-классты бүткөндөн кийин шаарда ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн. Азыр айылга баланын сөөгү келе элек. Шаарда экспертизада дешти. Бүгүн, 24-ноябрда келет деп, туугандары күтүп жатышат", - деди атын атагысы келбеген айылдашы.

Бул факт 130-берене (адам өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter