У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде иниси агасын карыганча апасы менен чогуу жашаганы үчүн өлтүрдү


Баткенде өз бир тууганын апасы менен чогуу жашагандыгы үчүн өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

12-сентябрь күнү Баткен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгып, каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургун экендигин аныкташкан.

"Териштирүүдө маркум бир тууган иниси тарабынан жараат алып, каза болгондугун аныкталган. 63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, муунтуп салган. Жабырлануучу алган жарааттарынан улам каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter