У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мартшрутка айдап баратып таяк жеген айдоочу аялдын үстүнөн арыз жазды


Кечээ Бишкектеги маршруткалардын биринде жүргүнчү аял айдоочуга кол салган видео интернет айдыңына желдей тараган. Ур-соккуга кабылган айдоочу Свердлов райондук милициясына арыз жазды. Бул кабарды Бишкек мэриясынын маалымат кызматы тастыктады.

Мэрия окуя №193 маршрутта катталганын тастыктап, Шаардык транспорт башкармалыгынын териштирүүсүнөн кийин маалым болгон айрым жагдайлар тууралуу билдирди.


Айдоочунун айтымында, жүргүнчү аял унаа өтө жай жүрүп жатат деп чыр салган.Мэрияга айдоочудан салондогу жүргүнчүлөрдүн баарынын жол киресин кайтарып берүү талап кылынганы айтылган. Ал талап аткарылбаган соң ал аял өз алдынча эле акчаны алып, айдоочуну бир нече ирет уруп-тепкен. Мэрия ошондой эле жол акыны кайтарып берүүнү талап кылган дагы бир жүргүнчү чырга аралашканын белгиледи.

Муниципалитет унаа жүрүп бара жатканда кырсык болуп кетпеши үчүн коомдук транспорттун айдоочусуна тоскоолдук кылууга тыюу салынарын эскертти.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter