У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аманатты жеткирбей качып кеткен айдоочу кармалды


3-4 күндөн бери социалдык тармактарда кичинекей баланын тамак-ашы, жалаягы салынган баштыкты ээсине жеткирбей качып кеткен таксинин айдоочусу талкууга алынып жаткан.

31-мартта Бишкектеги Ленин районунун Ички иштер башкармалыгына жабырлануучу тарабынан аманатты ээсине бербей, дайынын таптырбай жаткан такси айдоочусунун үстүнөн арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында айдоочуга келиндин (мурдагы) жолдошу кичинекей баланын тамак-ашы, жалаяктары салынган баштыкты салып, келиндин номерин берип, жеткирип берүүсүн өтүнгөн. Бирок айдоочу 3 күн өтсө да аманатты ээсине берген эмес. Бул тууралуу 2 күн мурда келин өзүнүн социалдык баракчасына да жазып чыккан.

Бүгүн, 4-апрелде таксинин айдоочусу табылып, келинден кечирим сурады. Айдоочунун айтымында унаа өзүнүкү эмес, ижарага алып айдайт. Тергөө учурунда баштыкты алып жатканда номерди туура эмес жазып алганын жана ошол бойдон аманаттын ээсин 2 күн таппай, 3-күнү ошол районго барып, кимдир бирөөдөн аманат ээсин сураштырса меники дегенинен берип кетип калганын айтты. Ошондой эле күнөөсүн мойнуна алып, жалпы элден кечирим сурады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter