Антисептикти ичип алып, 7 адам каза болгон соң Якутия аны сатууга тыюу салды
- 23.11.2020, 12:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Якутияда антисептик 7 адамдын өмүрүн алды. Ошол себептен аталган өлкөдө антисептик сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда Свердлов районунда чыгарылган антисептиктин курамында 69 пайыз метил спирти бар. Алар 5 литр бөтөлкөлөргө куюлуп, сатылып жаткан. Антисептикти ичип алып, 7 адам каза болду. Мындан улам антисептикти сатууга тыюу салуу токтому кабыл алынды.
"
18-ноябрда Томтор кыштагынын жашоочусу 5 литр бөтөлкөдөгү антисептикти сатып келип, аны 9 адам ичкен. Алардын баары ууланып, жетөө каза болсо, экөө ооруканада комада жатат. Бул иш боюнча кылмыш иши ачылды", - деп жазылат маалыматта.