У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Финпол мыйзамсыз 200, 400 литр бензин саткан жайларды аныкташканын сүйүнчүлөштү…

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы (Финансы полициясы) мыйзамсыз күйүүчү май саткандардын аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын шаӊдуу жар салып, май куйуучу жайлардан сырткары бензин саткан жайлар болсо кабар берүүнү коомчулуктан суранды.  

Аталган кызмат Маевка айылынан 500 литр, экинчисинен 200 литр, Теңдик конушунда 400 литр мыйзамсыз бензин саткан жайларды аныкташканын сүйүнчүлөштү. 

Коомчулук болсо, арзыбаган бензин сатып күн көргөндөрдү баса калышпай, Баткендеги чек арада жашаган элди кыйноого салган Тажикстанга күнүгө ташылып жаткан миӊдеген тонна бензин контрабанданы токтотушпайбы деген нааразы, сын пикирлерин айтышууда… 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter