У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Миталип Мамытов: "Мээсине кан куюлуп кеткен...Болот Шердин абалы оор бойдон калууда"


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин абалы оор бойдон калууда. Ал тилекке каршы комадан чыга элек. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов маалымат булактарынын бирине билдирди. Дарыгердин айтымында анын мээсине кан куюлуп кеткен...

"Бүгүн эртең менен дарыгерлер менен Болот Шердин абалын көрдүк. Ал-ахывалы дагы деле оор. Аппарат менен дем алып жатат. Кан басымы 160-170ке чейин көтөрүлүп кетүүдө. Мээсине кан куюлуп кеткен. Бүгүн борбордук жандандыруу бөлүмүндөгү өзүнчө палатага которгону жатабыз. Буга чейин шашып алып келгендиктен, жалпы реанимацияда болчу. Дарыгерлер колунан келген медициналык жардамын көрсөтүүдө", — деди нейрохирург.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter