Рак илдети менен ооруган айымдар жаш балдардын кийимин тигип, сатышууда
- 10.11.2020, 12:06,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Залалдуу дарт менен алышкан кыз-келиндер эми балдардын кийимин тигип сата баштады. Түшкөн каражат ооруган кыз-келиндердин дарылануусуна жумшалат. Бул тууралуу "Жашоо үчүн бирге" коомдук фондунун жетекчиси Шайырбү Сагынбаева билдирди.
Анын айтымында, алты айдан төрт жашка чейинки бөбөктөрдүн кийими 1000 сомдон сатылса, 4 жаштан 6 жашка чейинкилердики 1200 сомго бааланууда.