Паркта уктап калган милициянын өздүгү жана иштеген жери такталууда
- 10.11.2020, 10:22,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Интернетке милициянын формасын кийген жарандын жерде жаткан сүрөтү тарап кеткен. Сүрөттү чыгаргандар "Асанбай" паркында тартылганын, анын мас экенин жазышкан.
Октябрь райондук милициянын маалымат кызматынан жарыяланып кеткен сүрөт боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты. Сүрөттөгү кызматкердин ким экендиги жана иштеген жери такталууда.