ЖАМК: "Мурдагы ажону сүрөткө тартып алгандар жазаланды"
- 07.11.2020, 10:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Соцтармактарга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абакта соттолгондор менен сүйлөшүп турган сүрөтү желдей тараган. Аталган сүрөт боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы үн катты.
ЖАМК билдиргендей, сүрөт 5-ноябрь күнү болжол менен саат 16:10дор чамасында №47 колонияда, кечки текшерүүдөн кийин Атамбаев башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган учурда тартылган.
"Текшерүү учурунда абакта жаткан 26 жаштагы кишиден телефон табылган. Ал буга чейин Кылмыш кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 30 жылга эркинен ажыратылган. Жанында өзү менен жашташ дагы бирөө болгон. Ал дагы Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, 17 жылга соттолгон. Мурдагы ажону сүрөткө тартып жарыялаганы үчүн Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, алар айып изоляторуна 15 суткага киргизилген", — деп айтылат маалыматта.