У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Боюңан алдырасың" 16 жаштагы кош бойлуу кыздын өлүмүнө жигитинин апасы күнөөлүү болуп табылды


Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз өмүрүнө кол салып көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган.

"Экспертиза кыздын кош бойлуу экендигин көрсөттү. Маркумдун апасы эмгек мигранты болуп Орусияда иштеп жүргөн. Кыз Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, акыркы учурда Ош шаарында жашап жаткан ”, - дешти милициядан.

Азыркы тапта бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, кыздын сүйлөшкөн жигитине кылмыш иши козголду. Ошондой эле "өз өмүрүнө кол салууга түртүшкөн" деген кине менен баланын апасына да кылмыш иши козголгону маалым болду. Себеби кыздын боюнда бар экенин уккан баланын ата-энеси кызды боюңдан алдыр деп кыйнашкан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter