У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кайрадан авария...Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун анык себебин мэрия жашырып жатышабы?


Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, шаар тургундарына жылуулук, ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев түшүндүрмө берди.
"Бүгүн 13:06 да жылуулук электр борборунда өчүрүү болду. Ал учурда 110 киловольттук линиянын чыңалуусу жоголуп кеткен. Мындан улам станцияга күч келген жана жылуулук берүү токтогон. Азыркы тапта станциянын иши 75 пайыз калыбына келтирилди, дагы да болсо калыбына келтирүү иши уланууда. Шаардыктар кабатырланбай эле койсо болот, азыр баары жакшы", - деди Воропаев.

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин мурунку кеңешчиси Гуля Алмамбетова ЖЭБдеги агрегаттар иштен чыкканын, ал маалыматты мэрия башкармалыгы жашырып жаткандыгы тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"ЖЭБдеги 1 жана 2 агрегаттар иштен чыккан. Эми аларга бул маалыматты жашыргыла деп жатышат. Эгер аны кечке чейин оңдобосо, алар муздак батареялар жөнүндө элге кантип түшүндүрүп беришет?" - деп жазды Гуля Алмамбетова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter