У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Шаар күйүп эле кеткен да, ошого карабай оңдоп жатабыз..." Мэрия орусиялык блогердин сынына жооп берди


Бир канча күндөн бери Кыргызгызстанга келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламовдун Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажы талкууга түшүүдө. 
Анда журналист Бишкек 90-жылдарда кала бергендигин айтып,  шаардагы аллеялардан тартып үйлөрдүн короосу, парктарга чейин сындаган. Ошондой эле шаардагы кадам сайын кезиккен жарнамалык баннерлер калаанын көркүн бузарын белгилеп, Бишкек шаардык мэриясын көптөгөн кемчиликтерин жоюуга чакырган.

Аталган сынга Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова  жооп берди.
"Биз, шаардык мэрия биздин дарекке айтылган ар бир сынды туура кабыл алабыз. Ошону менен катар эле бардык блогерлер менен достук мамиледебиз. Анткени ар бир көйгөйдү маселени алып чыккан блогер биздин шеригибиз, көмөктөшүбүз деп билебиз. Алар көйгөйдү алып чыгып жатышат, бул нерселер биздин жумушту оңдоого, алдыга жылуусуна салым кошот. Ар бир сын-пикирди туура кабыл алып, ошого жараша иш алып барганда гана биздин жумуш алдыга чыгат. Ал эми Илья Варламов менен биздин мэр экөө жолугуп 5 сааттан ашык сүйлөшүштү. Ал экөө тең архитектураны жакшы түшүнгөн адамдар экен. Бири-бирин жакшы түшүнүштү. Ал биздин пландарыбызды, идеяларыбызды, паркты реконструкциялоону укту жана ага аябай жакты. Варламовдун биздин өлкөгө келиши, шаар жөнүндө тарткан видеорепортажы бир четинен биз үчүн да сабак болот деп ойлойм. Биздин өлкө эки революцияны баштан өткөрдү, шаар күйүп эле кеткен да, биз ошого карабастан кайра шаарды калыбына келтирүү, аны оңдоо иштери менен алек болуудабыз", - деп билдирди Гуля Алмамбетова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter