Гуля Алмамбетова: «Балбак Түлөбаев өзүн хан сезип алды»
- 28.10.2020, 15:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын мэринин кеӊешчиси Гуля Алмамбетова шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев өзүн кудай, хан сезип алганын, ал Алмамбетованы кызматтан кетүүсүн суранганын билдирди.
Анын айтканына караганда, Алмамбетова Балбак Түлөбаевге кирип, кызматтан бошотулган вице-мэрлерин кайра иш ордуна кайтарууну суранган, бирок шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Түлөбаев анын өтүнүчүн четке кагып, өзүн да жумуштан кетүүсүн суранган.
«Ал шаардын мэри эмес, мэрдин милдетин аткарып гана жатат. Ошондуктан ал мени кызматтан ала албайт», — деди Алмамбетова.