У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрдин сөгүнчөөк кеңешчиси көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөт...


Бишкек шаарынын мэринин чуудан башы чыкпаган кеңешчиси Гуля Алмамбетова кайрадан элдин талкуусунда. Ал  “Твиттердеги” баракчасына  "Мен көп балауу үй-бүлөлөрдү жек көрөм" деп жазып чыгып, элдин талкуусуна жем таштады. Бул мындайча айтканда көтөрүп атка салганың курусун дегендей эле кеп да. Себеби учурда Бишкек мэриясы аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам таратып жатат.


Эскерте кетсек, Гуля Алманбетова буга чейин уят сөздөр менен сөгүнүп, коомчулуктун талкуусунда калган. Ал, балдарды жек көргөнү менен жан-жаныбарларга боорукер. Мурдагы жылы анын итин өлтүрүп койгон адамды сотко берип, аны каматып жиберген. Учурда өлгөн итине окшош породадагы күчүктү үйүнө багып алган. Маал-маалы менен итинин кылыктары, кантип чоңойуп жатканы тууралуу социалдык байланыш тармагындагы баракчасына жарыялап тураарын социалдык тармактардын колдонуучулары жазып жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter