У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт: Бала бакчалар ишин жандантышы мүмкүн


Кыргызстанда менчик бала бакчалар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун макулдугу менен иштөөсүнө уруксат берилген. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын ишин жандантуу маселеси жакынкы күндөрү республикалык штабда караларын өкмөт башчы Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, учурда ар бир шаар, райондордо атайын комиссия мунун үстүнөн иштеп жатат. Атайын колдонмолор жана бала бакчалардын ишинин алгоритми бекитилген. Учурда бакчалардын имараттарын дезинфекциялоо иштери башталды.

Мектептерди кадимкидей окуу тартибине өткөрүү маселеси октябрь айында чечилиши күтүлүүдө. Эгер эпидемиологиялык абал турукташса мектептерде окуу процессин кадимкидей тартипте уланта баштоону мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 15-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешмесинде сунуш кылган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясына байланыштуу бала бакчалардын иши 23-марттан тартып токтотулган, ал эми мектептерде окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында мектепке биринчи класстын гана балдары барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алуусун улантууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter