Мээрим Базаркулова, блогер: “Балдарга көз тиет деп корккон ата-энелер сүрөттөрдү чыгарбай эле койгону оң”
- 20.02.2020, 18:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Иннернет беттеринен жакшынакай бөбөктөрдү, өзгөчө эгиз бөбөктөрдү көргөндө кыя өтө албайсың. Адатта эне-аталар балдарынын, өзгөчө эгиздердин сүрөттөрүн интернетке чыгарганды жактырышпайт. Буга себеп балдарды көздөн-сөздөн сактоо. Ал эми блогер Мээрим Базаркулова татынакай уулдарынын сүрөттөрү жана энелерге тиешелүү кеп-кеңештери менен байма-бай бөлүшүп турат.
- Мээрим, эгиздерди, деги эле балдарды элге көрсөтпөй багышат го. Сиз сүрөт, видеолор менен ачык бөлүшөсүз, ырымчыл эмессизби?
- Мен ырымчыл эмесмин. Ырым-жырымды карманган, ишенген адамдарда гана коркунучтар болооруна ишенем. Ошол себептен балдарга көз тиет деп корккон, аябай ишенген ата-энелер сүрөттөрдү чыгарбай эле койгону оң. Мен го ишенбейм, ошол себептен кооптонбойм.
- Эгиздердин энеси болооруңузду уккандагы сезимдериңиз?
- Болуп көрбөгөндөй бактылуулукту сездим. Бул менин жашоомдогу эң чоң бакыт боло алды. Менин оюмча бул сезимди эгиздердин эле эмес наристелүү болоорун уккан ар бир аял заты жүрөгүнөн өткөрсө керек. Мен биринчи кызымды жарык дүйнөгө алып келгенде да, эгиз уулдуу болгондо да, бирдей эле сезимдерге курчалгам.
- Блогерлик менен жарнамалык негизиде алектенесизби же жөн гана архив үчүнбү?
- Блогду алгач жеке архив үчүн түзгөм. Башында сүрөттөрдү жакын достор менен гана бөлүшөөр элем. Бирок бара-бара эгиздерди багуу кандай экенин билгиси келип, суроо узаткандардын саны арбый баштады. Ал убакта эгиздерди жардамчысыз кантип багуу керектигин билчү эмесмин. Ошол себептен жашообуздагы түрдүү окуяларды, уулдарымды кандай багып жатканымды ачык жарыялай баштадым. Мен үчүн балдарымдын сүрөттөрү менен кошо энелерге кеңеш берүү өтө кызыктуу жана жагымдуу. Ал эми катталуучуларыма кеңештеримдин пайдасы тийип жатат деген ишенимдемин.
- Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак