У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: "Той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт"


Той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
 
Анын айтымында, коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө өсө баштады.
"Саламаттык сактоо министрлиги тойлорду, массалык иш-чараларды токтотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Министрлик чектөө киргизүүдө өз алдынча токтом кабыл ала албайт. Бүгүн бул маселени биринчи вице-премьер менен дагы талкуулайбыз. Эгер алар сунушубузду кабыл алса, анда той-аштарга чектөө мурдагыдан да күчөйт. Билсеңиздер, тойлорго чектөө коюлган токтом мурда эле чыккан. Бирок аны аткарган адам жок, ошону күчөтүү зарыл", — деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter