Жаңы министр ишин өзү иштеп кеткен оорукананын абалын билүү менен баштады
- 17.10.2020, 13:00,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жаңы эле кызматка келген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев алгачкы иш күнүн өзү мурда иштеп кеткен №1 шаардык клиникалык оорукананын абалы менен таанышуудан баштады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда.
"Бүгүнкү таң жакшы жаңылык менен башталды. Саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган профессор Алымкадыр Бейшеналиев шаардык №1 клиникалык ооруканага келип кетти. Анда ал администрациянын жасап жаткан иштери менен таанышты. Дарыгерлер менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 менен жабыркаган бейтаптарга жардам көрсөтүү боюнча даярдыктар тууралуу сүйлөштү", - деп жазылат маалыматта.