У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК: "1 айга жетпей кайра шайлоо өтөт"


БШК Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир айга жетпеген убакытта белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, 4-октябрда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу кайра шайлоо өтөт. Ал үчүн БШК эч жерден уруксат албай эле баш мыйзамдын 31-беренесине ылайык, шайлоону уюштура берет. Биз албетте, бир ай күтө албайбыз ага чейин өткөрүү керек. Шайлоону кайра өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына келген арыздарды, андан тышкары БШКга түшкөн арыздар ошондой эле ИИМге, Башкы прокуратурага жана ЖМКларга чыккан мыйзам бузуу фактыларын карап, ар бирин талдап чыгуу керек. Эгерде, ошондо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон саясий партиялар аныкталса, алар шайлоого кайрадан катыша алышпайт. Эгерде борборбук шайлоо комиссиясы күнөөлүү болсо анда кайра комиссия түзүлөт", - деп билдирди Атыр Абдрахматова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter