У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Империя пиццы» компаниясынын мүдүрү: "Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес"


Социалдык тармактарда «Империя пиццы» караокесинин администратору кафеде кыргыз тилинде ырдагандарга тыюу салган видео тарады. Видеодо кардар кыргызча ырдоону каалап жатканын айткан. Бирок жаранга ишкананын администратору бул жерде кыргыз тилинде ырдоого болборун, ишкананын шарты ушундай экендигин билдирген.

«Империя пиццы» компаниясы аталган окуя үчүн кечирим сурады. Компаниянын өнүктүрүү директору Мээрим Аманова кафенин администраторунун калпыс катасынын айынан ушундай жагдай жаралганын билдирди.

«Биздин кафелерде кыргызча ырдоого тыюу салынган эмес. Администратордун пикири биздин компаниянын көз карашына туура келбейт. Коногубуз менен болгон кырдаал үчүн кечирим сурайбыз», - деди Аманова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter