У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмокто кайнене менен күйөө баланын чыры бычакташуу менен аяктады


 Токмок шаарында үй-бүлөлүк чырдан улам үч адам бычак жеп, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу 14-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрда болгон. Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан жараат алган үч жаран түшкөнү тууралуу Токмок шаарынын ИИБнө маалымат келип түшкөн.
 
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
 
Алдын ала айтылган маалыматттарга караганда, чыр учурунда 46-жаштагы И.М. аттуу аял анын күйөө баласы 36-жаштагы Н.А. жана 27 жаштагы К.М. аттуу аял киши бычактан жараат алган. 
Жараат алган үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат.
 
Учурда отко чейинки өндүрүш иши уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter