У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаевдин саламаттыгы, ­өмүрү президент Жээнбековдун жоопкерчилигинде...


УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар экенин анын адвокаты Замир Жоошев маалымдады. Ал бул боюнча: "Жолукканыбызда ал мага кан басымы 76/60ка түшүп калганын айтты. Өткөн жумада 90/60 болуп жаткан. Дарыгерлер күн сайын анын кан басымын текшерип, бизге маалымат берип турчу. Акыркы күндөрү бизден жашырып жатышат".

Адвокаттын айтуусунда, көз карандысыз дарыгерлер кан басымдын минтип төмөндөөсү инсульт, инфаркт же дагы башка күтүүсүздүктөргө алып келиши ыктымалдыгын билдиришкен.

Мурунку президенттин саламаттыгы начарлап жатканын анын уулдары Кадыр Атамбаев менен Сейид Атамбаев да "Фейсбуктагы" баракчаларына жазды. 

Коомчулукта Атамбаевдин саламаттыгы, ­өмүрү президент Жээнбековдун жоопкерчилигинде болоору кызуу талкууланып жатат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter