У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара кызматынын кызматкери пара менен кармалды


Баткенде чек ара бекетинин кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. 
 
Мекеменин маалыматына ылайык, окуя сентябрь айында «Кулунду» бекетинде катталган. Аталган бекеттин башчысы УКМКнын кызматкерине 40 миң сом пара берип жаткан учурунда кармалган. 
Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн же ал жактан Кыргызстанга аткезчилик менен келген жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн акча сунуштаган.
 
Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки иш козгоп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter