У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө

Москвада коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, сентябрь айынын башынан тартып COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны өсө баштаган. Айдын башында бир суткада вирус жуктуруп алгандардын саны 625 адамга жетсе, айдын ортосунан тартып илдетке чалдыккандардын саны 700гө жетип, ал эми учурда бир суткада вирус жуктуруп алган 800 адам катталууда. 
 
Вирусологдордун айтканына караганда санитардык эрежелерди сактабагандан улам, вирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. 
 
«Азыр көп адамдар санитардык эрежелерди сактабай жатышат. Колду самындап жууганды, аралыкты сактаганды, беткап тагынганды унутуп бара жатышат. Ошондон улам вирус жуктургандардын саны өсүүдө. Вирустун көп катталып жатышынын дагы бир себеби күз келип, адамдар ортосунда байланыш да күч алды. Балдар мектепке, бакчага барып жатышат»-деди вирусолог Анатолий Альтштейн. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter