Россия Кыргызстанга коронавирустун вакцинасын жиберүүнү көздөөдө
- 22.09.2020, 13:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу учурунда Оверчук COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп козгоду.
"Коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте каралат", — деди Оверчук. Ал ошондой эле КР президентине Россиянын президенти Владимир Путин менен өкмөт төрагасы Михаил Мишустиндин саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.