У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россия коронавирусту жеңе турган дары иштеп чыкты


Россия дүйнө элине пандемияны жеңебиз деген үмүт берди. Тактап айтканда, Россиялык компания COVID-19 инфекциялык вирусун өлтүрө турган каражат иштеп чыкты. Ал 10-12 күндөн кийин клиникалык сыноодон өткөрүлө баштаарын Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко президент Владимир Путин менен жолукканда айтты. Бул тууралуу Кремлдин сайты жазып чыкты.

"Россиялык компания жаңы дары иштеп чыгып, аны башка мамлекеттердеги кесиптештер тесттен өткөрүп көрүштү. Азыр биринчи партиясын чыгарып, клиникалык сыноого кам көрүп жатабыз. Учурда документтери даярдалууда. Бул илдетти дарылоонун жыйынтыгын бир топ жакшыртат”, — дейт министр.

Дары тестирлөөдөн өткөндөн кийин жугуштуу илдет менен ооруп жаткан жарандарга алардын кат жүзүндө берген уруксаты менен колдонулаары маалым болду. 

Эскерте кетели, Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны 18 миңден ашты. 1 500 адам сакайып, 148 киши көз жумду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter