У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент: "Россиядан вакцина алуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө"


Коронавирус илдетине каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Россия менен Кыргызстандын тийиштүү органдары вакцинаны алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Ал өз сөзүндө Россия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарганын, препарат клиникалык сыноолордон өткөнүн эске салды.
 
"Дүйнөдө COVID илдети дагы деле кооптуу бойдон калууда. Муну элибиз да, баарыбыз тең көрүп жатабыз. Россия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарды. Клиникалык сыноолордон өттү деп маалымат берип, вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина массалык түрдө чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Бул боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат", — деди Жээнбеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter