Өзбекстанда министр коронавирустан каза болду
- 21.09.2020, 11:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус илдетине чалдыгып, Германияда дарыланып жаткан Өзбекстандын вице-премьер-министри Уктам Барноев каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Уктам Барноев июль айында коронавирус жуктуруп алып, Akfa Medline жеке клиникасында дарыланып жүргөн. Бирок ал жерден жакшы болбой, Германияга дарыланууга жөнөтүлгөн. Барноев 57 жашында Германияда дарылануу учурунда каза болгон.