Саламаттыкты сактоо министри чет өлкөдө эмес, Бишкекте дарыланып жатат
- 20.07.2020, 11:35,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри жанан анын орун басары чет өлкөдө эмес, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Бул тууралуу 20-июлдагы брифингде министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, министр Сабиржан Абдикаримовдун да, орун басары Нурболот Үсөнбаевдин да абалы жакшы:
“Сабиржан Токтосунович менен Нурболот Төлөшевич чет жакка дарыланууга чыгып кеткен жок, алар Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада эле дарыланып жатышат. Абалдары жакшы, динамика жакшы эле. Кудай буюрса, жакында алар чыгышат»-деди Каратаев.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримов жанан анын орун басары Үсөнбаев 9-июлда инфекциялык ооруканага жаткырылганы расмий айтылган. Акыркы күндөрү коомчулукта министр дарылануу үчүн Германияга учуп кеткени тууралуу сөздөр тараган.