У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстанда интернет жана уюлдук байланыш 2 ай бою бекер болот

Өзбекстанда интернет жана уюлдук байланыш карантин аяктаганча өчүрүлөт деген имишке Өзбекстан өкмөтү жооп берди. Бул байланыштар тескерисинче өчүрүлбөөгө жана 2 ай бою акысыз кызмат кылууга буйрук берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты. Маалыматка ылайык, эгерде жарандар интернетке, уюлдук байланышка убагында акы төлөй албай калса, бул кызматтар өчүрүлбөйт. 


Өзбекстанда Beeline, Ucell, Perfectum, Uzmobile, UMS (булар байланнышты да, интернетти да камсыздашат), жана Comnet, Evo, Sarkor Telecom, Turon Telecom, Uzonline жана башка интернет-провайдерлери элди байланыш кызматы менен камсыздашат. 

Мындай кадам кооптуу вирустун жайылышынын алдын алуунун эң жакшы жолу катары бааланган. "Себеби жарандарга маалымат интернет аркылуу тез жетет жана дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабардар болуунун эң мыкты жолу" деп жазат жергиликтүү маалымат булактары. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter