У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттын агасын атууга шектелген жаран кармалды



Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун  агасын атууга шектелген жаран кармалгандыгы тууралуу маалыматты облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, шектүү катары Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 25 жаштагы К.у.Ж. аттуу жараны кармалган.

"Шектүү Базар-Коргон районунда жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Ал мурда соттолгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

26-май күнү болжол менен саат 23:20 чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБинин 102 кызматына Жалал-Абад шаарынын Манас кең көчөсүндө белгисиз ок атуучу курал менен 1977-жылы туулган А.С. аттуу адамды атып кетишкендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Иликтөөдөн соң ок жеген жаран Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасын экени анык болгон. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter