У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Кээ бир жарандарыбыз беткап тагынууну такыр унутту»


Азыркы күндө мурунку кырдаалга кайра түшүп калуу маселелеси жаратып жатат. Кээ бир биздин жарандарыбыз беткап тагынууну такыр унутту. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. 

«Рейддер жүрүп жатат, ага карабастан кафе-ресторандарда той-аштар уланып жатат. Алардын бардыгын текшерип, тиешелүү жазалар колдонулуп жатат, бирок элибиз дагы деле ошол маселелерди улантып жатат. Мунун аягы жакшы эмес. Биз баарыбыз талаптарды жакшы аткарсак жаман нерседен алыс болууга мүмкүнчүлүк болот. Жаңылыктардан көрүп, окуп жатасыздар кээ бир мамлекеттерде оору кайрадан күчөп жатат. Ошондой шартка түшүп калбаш үчүн биз баарыбыз эпидемиологиялык-санитардык нормаларды жакшы аткарууга чакырат элем”, - деп билдирди Боронов.
 
Ошондой эле кафе, Өкмөт башчы ресторандарды, тойканаларды 100 орунга чейин толтурууга уруксат бериле электигин, азыркы тапта, жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандарды 100-150 орунга чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар түшүп жатканын, бирок бардык маселе кырдаалга жараша чечилерин айтты.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter