У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Санитардык талаптарды сактабасак сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал»

Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керектигин премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.   
 
«Коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн экенин адистер божомолдошууда. Эгер калк ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусу вирустун жайылуусуна себеп болот.  Азыр жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», - деди Кубатбек Боронов.
 
Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү жана ле эл көп чогулган жерлерде, коомдук транспорттордо текшерүүлөрдү күчөтүүнү тапшырды. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter