У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Раимкул Аттокуров, Орусиянын мурдагы элчиси: «Кыргызстан Орусияга кошулушу керек»


Убакыттын өтүшү менен Кыргызстан Орусиянын курамына кириши керек. Бул тууралуу Орусиянын мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров Pravda.ru порталына берген маегинде билдирди. 
 
«Биздин бир болушубуз керектигин тарыхый тагдыр алдын-ала эле чечкен. Көп кылымдардан бери Кыргызстан Орусия менен бирге болуп келе жатат. Биздин тарыхыбыз бир, узак мөөнөттүү келечекти үмүттөнбүз. Орусиянын курамындагы бир республика болуп кирсек деген кайрылууну Орусия Федерациясына жолдоо азыр көпчүлүк кыргыздардын оюнда бар.  
 
Кыргызстанда чынында эле ушундай суроолор көтөрүлүп жатабы же жокпу деген суроого, Аттокуров: «Ооба, Кыргызстанда мындай сөздөр бар. Бул жактагы диаспора коомчулугунда да ушул суроо көтөрүлөт жана талкууланат. Албетте, муну дароо эле ишке ашыруу мүмкүн эмес, убакыттын өтүшү менен биз Орусиянын курамына киришибиз керек, анткени жашоо бизди биригүүгө түртүп жатат. Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан орус тилине мамлекеттик статус берген жалгыз өлкө»-деп жооп берди. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter