У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынып, кадимки режимде иштеп баштады.
 
12-сентябрдан баштап аталган оорукана санитардык катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды жаткырууну баштады.
 
Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылат.
 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругунун негизинде, №6 Шаардык клиникалык ооруканасы 2020-жылдын 26-октябрына чейин оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды.
 
 Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы инфекциялык оорулары бар балдарды кабыл алууну токтотуп, соматикалык ооруларга чалдыккан балдарды кабыл алууга өттү.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter