Коомдук транспорттун айдоочуларына жарым миллион сом айып салынды
- 11.09.2020, 15:22,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте санитардык эрежени сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына жарым миллион сом айып салынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Шаардык транспорт башкармалыгынын адистери Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, Кайгуул милициясы, Транспорт жана жолдор министрлигинин транспорт инспекциясы менен биргеликте күн сайын текшерүүгө чыгып жатканы айтылат. Анда коомдук транспортун ичиндеги санитайзердин бар-жогу, санитардык тазалык жана аралыктын сакталышын карашат. Ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленет.