У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч коюп койгондор да бар


Өзүбүздү алдаган жактан, эрежени сактабаган жактан алдыңкы орунду бербеген калк окшойбуз...Буга мисал көп. Алардын бирине токтололу. Маселен, Юнусалиев көчөсүндөгү брокерлик клубда санитайзердин ордуна кадимки айнек жуучу каражатты коюп коюшкандыгы маалым болду.

Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар дагы деле көп болуп жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн. Алар бардык супермаркеттерди, базарларды, кафелерди, сулуулук салондорун жана ишканаларды кыдырып жатат.

Текшерүүдөн кийин: “Көбүнчө сатуучулар маска тагынбайт, кире бериште санитайзерлер жок, болсо дагы бош. Юнусалиев көчөсүндөгү брокерлик клубда санитайзердин ордуна кадимки айнек жуучу каражатты коюп коюшкан”, — дешти мэриядан.

Ал эми “Ош” базарынын жанындагы уюлдук телефондор үчүн майда-чүйдө саткан дүкөн уруксаты жок эле ачылып алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter