Өлкө боюнча 62 мектептин окуучулары мектептен билим алышууда…
- 09.09.2020, 12:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Жашыл зонада» жайгашкан, балдардын саны аз болгон мектептерде балдар кадимки режимде мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтымында, жаӊы окуу жылында өлкө боюнча 62 орто мектептин окуучулары, 1-класстан тартып 11-класска чейин кадимки режимде, мектепте окуп жатышат. Ал мектептер алыскы аймактарда жайгашкан жана балдардын саны аз болгондуктан аларга толук окууга уруксат берилген.