У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңы окуу жылында 3 мектеп колдонууга берилет. Кайсы мектептер?


2020-2021-окуу жылынын башында өлкөдө курулуп жаткан үч жаңы мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, сентябрдын аягында колдонууга бериле турчу мектептердин бири Чүй облусунун Орок айылында жайгашкан. Мындан сырткары, Бишкектеги №2 мектептин имараты жана Ош шаарындагы дагы бир билим берүү мекемесинин курулуш иштери жаңы окуу жылында бүтүп калат.
 
"Өлкөдө авариялык абалдагы 29 мектепти оңдоого 350 миллион сом бөлүнгөн. Азыркы тапта иш кызуу жүрүп жатат. Мындан сырткары, коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектепке кошумча корпустарды салуу үчүн акча берилген. Анын 14ү Бишкек менен Чүйдө болсо, бирөө Ош шаарында. Алардын бардыгы пландалган убакытта бүтөт", — деди Кокочаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter