У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңы окуу жылында мектептерде 2000ден ашуун мугалим жетишпейт


Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Бишкек шаарында мугалимдер жетишсиз. Жалпысынан 2020-21-окуу жылында Кыргызстандагы орто мектептер үчүн 2 250 мугалим керек.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кадр тартыштыгы жыл сайын боло жүрүүчү көрүнүш экенин билдирди:

“Мугалимдердин көпчүлүгү кыз-келиндер. Алар турмуш курат, төрөп, узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгышат. Башка жакка которулуп кеткендери болот. Жашы жетип пенсияга чыккан мугалимдерибиз бар. Ошондуктан, жыл сайын эле жаңы окуу жылында мугалим жетишсиздиги келип чыгат”, - деди Жусупбекова.

Министрликтин маалыматына караганда, 2020-жылы мугалимдик адистикте окуган 2066 кыз-жигит жогорку окуу жайын аяктады. Алардын ичинен 1,6 миң бүтүрүүчү өлкөнүн түрдүү аймактарына ишке орноштурулду.
Өлкөдө 2200гө чамалуу орто мектептерде 78 миңден ашуун мугалим эмгектенет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter