У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркмөнстанда ооруканалар толуп, каза болгондор көбөйүүдө...

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда акыркы үч жумадан бери кырдаал өтө оорлошуп, ооруканалар толуп, каза болгондор да көбөйүп жатканын 3-сентябрда ооруканалардын кызматкерлери жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиришкен.
 
Алардын маалыматына ылайык, акыркы эки жумадан бериТүркмөнстанда коронавирус илдетинин симптомдору менен ооругандар ооруканаларга көп кайрыла баштаган. Алардын көпчүлүгү өтө оор абалда келишкен. Каза болгондордун саны да кесин өсүп, шаар четиндеги райондордо суткасына 2-3 өлүм катталууда. 
 
Түркмөн бийлиги медкызматкерлерди эки жума бою карантинге алынган зоналарда иштөөгө мажбурлап, алар коргонуу каражаттарын өз чөнтөгүнөн сатып алышканын, айрым ооруканалардын тажрыйбалуу медайымдары эки айдан бери үй бетин көрө элек экенин журналисттерге айтышкан. 
 
Бийлик башындагылар мурдагыдай эле өлкөдө коронавирус жок экенин айтышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter